Магадан – Россиядагы шаар (1939-жылдан). Магадан областынын административдик борбору. Охота деңизинин Нагаев бухтасында жайгашкан порт. Колыма трактынын баштапкы пункту. Калкы 98,9 миң (2010). Россиянын Түндүк-Чыгышындагы жыл бою иштеген ири порт (2010-жылы 1,1 млн тонна жүк ташылган). «Колыма» федерация автотрассасынын (Магадан – Сусуман – Якутск) баштапкы пункту. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу жана металл иштетүү (автомобиль, трактор ж. б.), химиялык, тамак-аш (негизинен балык беленделет), өнөр жай ишканалары механика заводу иштейт. Россия Илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш илимий борборунун Түндүктүн проблемасы биологиялык институту, педагогикалык институту, ИИИлер, 2 театр, край таануу музейи бар. Кафедралуу собор (2001–08), байланыш маданият үйлөрү ж. б. имараттар курулган. Шаар 20-кылымдын 30-жылдарынын башында Россиянын түндүк-чыгышынын табигый ресурстарын өздөштүрүүгө байланыштуу пайда болгон. 1953-жылдан Магадан областынын административдик борбору. 1957–65-жылдары СССРдин ИИМтин Түндүк-Чыгыш эмгек-түзөтүү лагерлеринин башкармалыгы жайгашкан.

Магадан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү