Майолика (Италиядагы Мальорка аралынын эски атынан) – кең мааниде – чоподон бышырылып жасалган түрдүү түстөгү глазурь жалатылган буюмдар. Майолика сүрөтүнүн көлөмдүүлүгү, боёгунун ачык, жалтырак жана бир-бирине өтө айкалышы менен өзгөчөлөнөт. Майолика Байыркы Чыгышта (Египет, Вавилония, Иран), орто кылымда Орто, Борбордук жана Алдынкы Азияда, ошондой эле Европанын айрым өлкөлөрүндө (Испания, Франция ж. б.) таралган. Россияда 17–18-кылымда бул техника ценина, цениналык иштер деген наамды алып жүргөн. Майоликалык өндүрүштүн гүлдөп-өнүгүшү Батыш Европада 16–17-кылымдарда, Россияда 17–18-кылымдарга таандык жана анын начарлашы фарфор менен фаянстын пайда болушуна байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү