Мешхед – Ирандын түндүк-чыгышындагы шаар. Хорасан останынын административдик борбору. Кешефруд дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Калкы 2,1 млн (2006). Жол тоому. Темир жол станциясы. Тамак-аш (кант, тамеки ж. б.), текстиль, булгаары жана металл иштетүү ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токуу, асыл таштарды иштетүү) өнүккөн. Алгач 10-кылымдан эскерилет. Мусулман шейиттердин ыйык шаары. Университет бар. 12–19-кылымдын архитектуралык ансамблдери, мечит (Гаухаршад, 15-к.), имам Резанын күмбөзү жана Мешхедге жакын жерде фарси жана тажик акыны Фирдоусинин мүрзөсү сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү