"Миллион долларлык селки" (англ. Million Dollar Baby, орус. Малышка на миллион) - 2004-жылы Клинт Иствуд тарткан жана өндүргөн америкалык спорт драмасы. Тасмага тартылгандар: Хилари Суонк жана Морган Фриман. Тасмада эмгеги бааланбаган бокс тренери өтмүш тузагынан чыга албай жүргөн убакта үйрөнчүк боксчу кызга кезигип калат да, өтмүштө кетирген катасын жууш үчүн кесипкөй болуу максатына жетем деген боксчу кызды машыктырганы жөнүндө баяндалат.

Миллион долларлык селки
Режиссеру Клинт Иствуд
Продюсер Клинт Иствуд
Алберт Рудди
Том Розенберг
Пол Хаггис
Сценарийи Пол Хаггис
Оператору Том Стерн
Негизинде Rope Burns: Stories from the Corner
Ф.Х.Туул
Тартылгандар Клинт Иствуд
Хилари Суонк
Морган Фримен
Музыкасы Клинт Иствуд
Редактору Жоэл Кокс
Студия Lakeshore Entertainment
Malpaso Productions
Жайылтуучу Warner Bros. Pictures
Чыккан жылы
  • декабрь 15, 2004 (2004-12-15)
Узактыгы 132 мүн.
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $30 млн[1][2]
Киреше $216.8 млн

"Миллион долларлык селки" киносынчылардын алкышына татып, "Эң мыкты тасма" баштаган 4 Оскар сыйлыгын утуп алат. Тасманын сценарийин Пол Хаггис Ф.Х.Туулдун кыска аңгемелеринин негизинде жазган. "Өрттөнгөн жип" деген аталышта жарык көргөн аңгеме тасма жарыкка чыккан соң, тасманын аталышында кайрадан басылып чыккан.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Eliot (2009), p. 309
  2. Hughes, p. 156