Монофилия (моно... жана гр. phylon — уруу, түр) — азыркы организмдер тобунун бир тектен пайда болушу; орг. дүйнөнүн негизги эволюциялык принциби.

Органикалык дүйнөнүн түпкү теги бир экеидигин Монофилия бир тамырдан өсүп чыккап дарак сыяктуу суроттөп көрсөтөт. Ал тамырдан эки сөңгөк (айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсү) бөлүнүп чыгат. Анын ар биринен эң чоң бутактар — тип, андан ары бутактанып, майда систематикалык топтор - класс, түркүм, тукум, уруу жанa түргө бөлүнөт. Ч. Дарвин үй көгүчкөндөрүнүн түпкү теги жапайы көгүчкөн экендигин фактылар менен аныктаган. Ч. Дарвинден кийин морфология, генетика, систематика ж. б. илимдердеги жетишкендиктер өсүмдүк жана айбанат дүйнөсүнүн келип чыгышы Монофилиялык экендигин ырастады. Монофилия идеясы азыркы систематикага негиз түзүп, өсүмдүк жана айбанат дүйнөсүнүн тарыхый өөрчүшүн окуп үйрөнүүгө жардам берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.