Нан бышыруу – камырдан нан даярдоочу жеңил өнөр жай тармагы. Нан бышыруунун негизги сырьёсу – ар кандай сорттогу буудай же кара буудай уну, суу, ачыткы, туз, ал эми кошумчасы – шекер, май, сүт, жумуртка жана башка нан бышыруу сырьё кабыл алуу жанасактоо, камыр жууруу, ачытуу (көптүрүү), даяр камырды белгилүү формада ийлөө, көмөч казанга, табага, мешке салуу, бышыруу, суутуу, кээ бир учурда, таңгактоо сыяктуу этаптардан турат. Азыр нан бышыруу негизинен механикалаштырылган. Эленген ун магнит аппараты аркылуу өткөрүлүп, башка кошумчалардан (мисалы, металл күкүмүнөн жана башка) арылтылат да, камыр жууругуч машинада жуурулат. Камыр 3–4,5 ска ачытылып, анан температурасы 33–38˚С мешке конвейер менен киргизилет, анда 20–40 мин коюулуп, камырдын ачышы тездейт. Ачыган камыр кесилип, керектүү форма берилип, температурасы 200–300˚С жана нымдуулугу 15– 70% болгон нан бышырылуучу меште (жылуулук агрегаты), атайын металл идиште же мештин ичинде бышырылат. Нан бышырылуучу меш технол. белгилери боюнча кеңири ассортиментте, аз ассортиментте жана адистештирилген болуп, негизинен үч топко бөлүнөт. Эксплуатациясы боюнча мезгилдүү иштөөчү жана үзгүлтүксүз иштөөчү болуп айырмаланат. Бышырыла турган нандын түрүнө жараша (мисалы,токоч жана башка) камыр да түрдүүчө даярдалат. Мештен алынган нан 30–40˚ка суутулат (буудай нан 3 с, кара буудай наны 4 с). Кийинки мезгилде нан бышырууда нандын ассортиментин, о. эле даамын, жыттуулугун, сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнчакөп аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле нандын курамындагы белок заттарына, биол. баалуулугуна, алмаштырылгыс амин кислоталарына жана витаминдерге чоң көңүл бурулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү