Пирогаллол, 1,2,3-триоксибензол-үч атомдуу фенол, түссүз, жытсыз, абада тез караруучу, 133-1340 С балкып эрип, андан ары ысытуудан суюктукту пайда кылбай буу абалына өтүүчү кристалл түрүндөгү зат. П. суу, спирт, эфирде эрийт, бензол, хлороформ, төрт хлордуу көмүртекте эрибейт. П. бардык көп атомдуу фенолдор ичинен оңой окистенет. Анын щелочтуу эритмеси тез жана толугу менен газдар курамындагы мол. түрүндөгү кычкылтекти сиңирип алуу касиетине ээ болгондуктан, газдар курамындагы кычкылтекке сандык анализ жүргүзүүдө колдонулат. Темир (III) хлоридин таасир этүүдөн анын өңү кызыл түскө өзгөрөт. П. аналитикалык хим-да, лаб-яда, сүрөт ишинде жана боёк заттарды синтездөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү