Тараки Нур Мухаммед (15. 7. 1917, Мукур шаары – 9. 10. 1979, Кабул) – Афганстандын коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмери, жазуучу жана котормочу, журналист. Афганстан Демократиялык Элдик Республикалык БКнын Генералдык секретары (1965–67 жана 1977–79), «Хальк» фракциясынын лидери. Жаш кезинен жумушчу болуп, Кандагарда, 1934-жылдан Бомбейде (Индияда) иштеп, орто мектепти бүткөн (англис тилин үйрөнгөн). Тараки афган дыйкандарынын, кол өнөрчүлөрүнүн жана жумушчуларынын оор турмушун реалисттик көз караш менен чагылдырган бир катар чыгармаларды (мисалы, «Банганын каңгуусу», 1958; «Жалгыз», 1962 ж. б.) жараткан. Тараки коомдук-саясий ишмердигин 1940-жылдары баштаган. 1950-жылдары өлкөнүн турмушун демократташтырууну көздөгөн «Ойгонгон жаштар» саясий тобун жетектеген. 1965-жылы Таракинин жетекчилиги менен Афганстан элдик-демократиялык партиясы (АЭДП) түзүлүп, анын 1-секретарлыгына (1977-жылдан генералдык секретары) шайланган. Өлкөдө улуттук демократиялык революция (Саур революциясы) жеңген соң, Революциялык советтин төрагасы жана премьер-министр болуп дайындалган (1978-79). Бирок, өлкөдө Таракинин жетекчилиги менен жүргүзүлгөн социалдык-экономикалык реформалар элдик толкундоолорду туудуруп, жарандык согушка алып келген. Тараки 1979-жылы жашыруун өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү