Тасма курттар, цестоддор (лат. Cestoda) – жалпак курттар тибинин классы. Алар жаныбар жана кишинин ичегиси ж. б. органдарында мителик кылат. Тасма сымал, узундугу бир нече ммден 30 мге жетет, кээде андан да узун. Ичегиси жок, азык денеси аркылуу сиңирилет. Жабышкактуу органы бар кичинекей башынан (сколекс), кыска моюнчасынан, узун муунакчаларынан (стробиласынан) турат. Денеси эн майда өсүндүлөрү бар эпителий менен капталган. Тасма курттар өмүр бою өсүп (моюнчасынан), муунакчаларынын саны 1000ге чейин жетет. Кан айлануу, дем алуу системасы жок. Нерв системасы баш бөлүгүндөгү жуп нерв түтүкчөлөрүнөн, алдын жана артын көздөй кеткен нерв бөлүктөрүнөн турат, сезүү кызматын сезгич түктөрү ишке ашырат. Бөлүп чыгаруу системасы протонефридия тибинде. Гермафродиттер. Алардын ар бир муунакчаларында бир жумурткалык жана көптөгөн уруктары болот. Тасма курттардын өтө кеңири тараган түрлөрү – эхинококк, мультицепс, кидик тасма курт ж. б. Тиричилик цикли татаал, ээсин алмаштыруу аркылуу өрчүйт. Эки аралык ээси бар. Тасма курттардын жумурткасы акыркы ээсинин заңы менен сыртка чыгат. Ал 1-аралык ээсинин (полихета, сүлүк, рак сымалдар ж. б.) азыгы менен кошо жутулуп, карынында онкосферага (1-личинка) айланат. Аралык ээсинин дене көңдөйүнө же кандайдыр бир органына барып, андан финн, эхинококк ж. б. (2-личинка) өсөт. Аралык ээси менен кошо акыркы ээсинин денесине түшөт (аны жеп алганда). Анын ичегисине бекинет да, кишинин эхинококкоз, тениидоз ж. б. ооруларын, малда цестодоз, койдуң көк мээ (чимирик) ылаңдарын пайда кылат. Көк мээ ылаңынан Францияда 19-кылымдын аягында 1 млн кой кырылган.

Taenia saginata.

Колдонулган адабияттар түзөтүү