Чоң кара баштуу чардак (Larus ichtyaetus), (Pallas, 1773):

Larus ichthyaetus

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Крымдан жана Азов деңизинен чыгышты карай Маркаколго, түндүк-батыш Монголияда Чоң Көлдөрдүн ойдуңуна, Урюгнорго жана Кукунорго чейин. Түндүктөн Россия Федерациясынын европалык бөлүгүндө 47-параллелге чейин, Волга-Урал дарыя арасында Камыш-Самар көлдөрүнө, Уилдин бассейнине, Ик, Салтаим, Чаны көлдөрүнө чейин. Түштүктөн Каспий деңизинин түштүк жээгине, Амударыянын чатына, Ысыккөлгө, Кукунорго чейин. Кыргызстанда негизинен Чүй өрөөнүндө жана Ысыккөл ойдуңунда регулярдуу түрдө кездешет. . Соңкөлдө жаш канаттууларды кездештирүү анын уялоосу жөнүндө айтып турат.

Жашаган аймактары түзөтүү

Көл жана көлмөлөрдүн, кээде дарыялардын жээктери .

Саны түзөтүү

Чүй өрөөнүндө чоң карабаштуу чардак 2004-жылдын февралынан апрелң айына чейин регулярдуу түрдө жума сайын байкоо жүргүзүүлөрдө 2 ден 55 ке чейинки санда кездешкен . Ысыккөлдө Кара-Булуң тумшугунун айланасында көп санда кездешчү (10 км жээк сызыгында 27 особ). 1972-жылдын күзүндө жалгыз чоң карабаштуу чардак Чатыркөл көлүндө байкалган . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Адатта тиричилигин жалгыз, кээде, өзгөчө учуп өтүү маалында, чоң эмес үйүрлөр менен жүргүзөт. Башка чардактарга караганда чоң көлмөлөрдү артыксынтат. Балык, майда рак сымалдар жана коңуздар менен азыктанат. Пиратчылыктан жийиркенбейт .

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Уялоого ылайыктуу жерлерде тынчсыздандыруучу факторлордун күчөшү: көлмөлөрдүн жээктерин рекреациялык колдонуу, түздөн-түз кыруу жана уяларын бузуу. Конкуренттери, мителери жана оорулары жөнүндө маалымат жок.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Кыргыз Республикасында колдо багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргызстанда бул түрдү коргоо боюнча атайын чаралар колдонулган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Уялоо аймактарын картага түшүрүү жана кичи заказниктер катары өзгөчө корголуучу территориялардын реестрине киргизүү керек. Уялоо жана учуп өтүү жерлерин коргоо, жергиликтүү жашоочулардын, балыкчы жана аңчылардын арасында түшүндүрүү иш- аракеттерин жүргүзүү зарыл.

Статусу түзөтүү

VI Near Threatened, NT: R.. Кыргыз Республикасында уруунун 6 түрүнүн бири. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү