Чычкандар жана адамдар жөнүндө

"Чычкандар жана адамдар жөнүндө" (англ. Of Mice and Men) – жазуучу Жон Стейнбектин аңгемеси. 1937-жылы жарык көргөн чыгарма Жорж Милтон менен Ленни Смоллдун окуясын баяндайт. Ранчодо иштеген мигранттар АКШдагы "Улуу депрессия" доорунда Калифорниянын бир жеринен башка бир жагына жумуш издеп көчүп-конуп олтурушат.

1920-жылдары селсаяк сыяктанып жүргөн Стейнбектин өз тажрыйбасына негизделген чыгарманын аталышы Роберт Бөрндүн "Чычканга" аттуу поэмасынан алынган. Анда "The best laid schemes o' mice an' men / Gang aft agley". (Чычкандар менен адамдардын эң мыкты схемалары / Көбүнчөсү туура эмес болуп калат) деп жазылган.

"Чычкандар менен адамдар" көп мектептерде окутулса да, ал оройлугу жана айрым адамдар айткандай, жийиркеничтүүлүгү жана расисттик тили үчүн цензурага кабылып келет. Натыйжада ал Америка китепкана бирикмесинин 21-кылымдагы эң талаш-талкуу жараткан китептер тизмесинде пайда болгон.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү