Эдуард Риган Мөрфи (англ. Eddie Murphy;1961-жылдын 3-апрелинде туулган) - америкалык куудул, актер, жазуучу, ырчы жана продюсер.

Eddie Murphy (2010)

Э. Мөрфи 1980-жылдан 1984- жылга чейин "Алтынчы күнү (Ишемби) күнү түз эфирде" ( англ. Saturday Night Live) программасынын туруктуу катышуучусу болгон. Ал куудул катары өзүнүн чыгармачылыгын өркүндөтүп "Comedy Central" телеканалынын версиясы боюнча "Бардык мезгилдердин 100 эң улуу куудулу" деген тизмеде онунчу орунда турган.

Э. Мөрфи "Кырк сегиз саат" (англ.48 Hrs), "Беверли Хиллздин полиция кызматкери (англ. the Beverly Hills Cop), "Орун алмашуу" (англ. Trading Places), and "Келесоо профессор" (англ. The Nutty Professor) тасмаларындагы ролдору үчүн "Алтын глобус" сыйлыгынын номинацияларына талапкер болгон. 2007-жылы, актер "Алтын глобус" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясын жеңип алган "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына "Кыялдагы кыздар"(англ. Dreamgirls) тасмасындагы Жеймс «Чагылган» Эрлинин ролу үчүн көрсөтүлгөн.

Э.Мөрфи "Мулан"(англ. Mulan) тасмасынде Мушунун, "Пижама" (англ. The PJs) тасмасынде Таргуд Стаббстын, "Шрек" (англ. Shrek) тасмасынде Эшектин үндөрүн коштогон. Кээ бир тасмаларда, анын ичинде " доктор Стрейнжлав" (англ. Dr. Strangelove) тасмасынде Питер Селлерстин кейипкеринен башка дагы бир нече кейипкерди ойногон. Э.Мөрфи "Америкага саякат" (англ. Coming to America), "Бруклиндеги вампир" (англ. Craven's Vampire in Brooklyn), "Келесоо профессор" (англ. Nutty Professor) тасмаларында башкы кейипкердин атасынын, агасынын, апасынын жана чоң апасынын ролдорун жараткан. "Боунфиңгер" (англ. Bowfinger), "Плуто Нэштин жоруктары" (англ. The Adventures of Pluto Nash), "Норбиттин жоруктары" (англ. Norbit) жана "Бул Дейв" (англ. Meet Dave) тасмаларында башкы ролдорду эки түрдүү ойногон.

Э. Мөрфи Жон Ф. Кеннеди искусство борбору тарабынан АКШдагы юморго кошкон салымы үчүн Марк Твен атындагы сыйлыкка арзыган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү