Этнолингвистика (гр. ethnos - уруу, эл жана лингвистика), антрополингвистика, этносемантика - тил илиминин бир багыты; тил менен маданияттын карым катышын изилдейт.

19 кылымдын аягы 20-кылымдын башында АКШда Түндүк жана Борбордук Американын индеец урууларына жүргүзүлгөн этнографиялык изилдөө иштери этнолингвистиканы пайда кылган.

Адегенде эгнолингвистика маалыматты тилдик кубулуштардын негизинде алгачкы адамдардын жамааттык мамилелеринин тарыхынан алышка аракет жасаган (Л. Г. Морган, Ф. Боас, Э. Сепир ж.б.).

20 кылымдын орто ченинен тартып этнолингвистикада тилдин башка маселелери да изилденип, тилдик кубулуштар менен тилге тиешеси жок кубулуштардын ортосунда да өз ара байланыш бар экени аныкталды (Э.Сепир жана Б. Уорф гипотезасы).

Этнолингвистиканын негизинде ар кайсы мезгилде расисттик багыттагы реакциячыл теориялар да жаралган, бирок алар илимге кеңири жайыла алган эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9