Я, я - кыргыз алфавитиндеги отуз алтынчы тамга; көбүнчө орус тилинен кирген сөздөрдө сөз башында басымдуу тыбышты (мис., январь), үндүүлөрдөн, ажыратуу (ъ), ичкертүү (ь) белгилеринен кийин (мис., объявление, бильярд) жана кыргыздын төл сөздөрүндө «йа» тыбыштык айкашын (мис., таяк, кыяк ж. б.) туюнтат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4