Baн Би, Ван Фусы (226, Шаньян, азыркы Хэнань провинциясында - 249) кытай философу, конфуцийчилик менен даосизмден куралган, «түпкүрдөгү сырлар» тууралуу окуунун жана бул окууга байланыштуу «таза баарлашуу» деген салттуу алым-сабак маектин негиздөөчүсү. Baн Биге эки албан окуунун даосизм менен конфунцийчиликтин башкы китептериндеги («И цзин», «Дао дэ цзин») түпкү-өзөк жоболорго берилген барк-баалуу чечмелөөлөр таандык. Baн Би кытай буддизми менен неоконфуцийчиликтин түшүнүктөр аппаратына жана теориялык жоболоруна олуттуу таасир көрсөткөн категориялар системасын иштеп чыккан. Даодогу: «нак нерсе (ю) жок нерседен туулат» деген тезистен улам. Baн Би «жок нерсе (жок болмуш)» менен анын реалдуулугунун ортосунда толук дал келүүчүлүк, башкача айтканда төптөштүк бар деп эсептеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү