Атаке Тынай бий уулу - Тагай конфедерациясынын Чоң бийи болгон жана 1785-1787-жылдары түндүк кыргыздар менен Орусия империясынын ортосунда биринчи дипломатиялык мамилелерди түзгөнү менен белгилүү болгон.

Атаке Тынай бий уулу
Атаке Тынай бий уулу
Тагай конфедерациясынын Чоң бийи
1780 — 1787
 
Туулган жылы: 1738 жыл(1738)
Туулган жери: Андижан
Каза болгон жылы: 1787 жыл(1787)
Каза болгон жери: Ысык-Көл
Уруусу: Сарыбагыш
Атасы: Тынай Баатыр
Балдары: Карабек

Таштанбек

Абылай

Солтоной

Кесиби: Чоң бий

Атаке казак хандары, султандары менен кырдаалга жараша мамиле түзгөн. Өзгөчө Бүкөй төрө менен өтө жакын болгон. Кыргыз санжырасында Атакенин Кокон башчысы Нарбото бийге жолукканы жөнүндөгү аңыз кептер сакталып калган. Ошол кездешүүдө Атаке баатыр акылман башкаруучу, дипломат экенин көрсөткөн. Айрым маалыматтарда Атаке баатыр тубаса коёнээк төрөлгөн деп айтылса, экинчи бир маалыматта, салгылашта үстүңкү эрдине найза тийип, эрини экиге бөлүнүп, тиши ачылып, ыраңы бузулуп калгандыктан, оозу-мурдун жаап жүргөн деп айтылат. 1825-ж. Кокон хандыгынын кысымынан Атаке сарыбагыш уруусунун бир бөлүгү менен Ысык-Көлгө убактылуу журт которуп кеткен. Атакенин баласы – Карабек, Карабектен Жантай, Жантайдан Шабдан. Кийинчерээк кыргыздар Россиянын курамына бириктирилгенден кийин Атаке баатырдын укум-тукуму Атаке болуштугун түзүшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1