Атаксия —(грек. ἀταξία — баш аламан, тартипсиз) кыймылдын бузулушу. Атаксия көбүнчө четки нерв талчалары, көрүү дөңчөлөрү, вестибуль аппараты, жүлүн, каракуш мээси, маңдай жана төбө мээлери жабыркаганда (сезгенүү, шишик жана башка) кездешет.

Дене (статикалык) жана бут-кол (динамикалык) атаксиясы болуп бөлүнөт. Дене атаксиясында оорулуу көзүн жуумп турса, теңселип түз тура албайт. Бут-кол атаксиясында көзүн жуумп сөөмөйүн мурдунун учуна тийгизе албайт, көтөргөн бутунун согончогун экинчи бутунун тизесине жеткире албайт, тең салмагын жоготуп теңселип, буттарын талтайтып мас кишиге окшоп басат. Дарылоо ооруну пайда кылган себептерди жоюуга багытталат. Айыктыруу физкультурасынын жардамы менен бузулган кыймылдарды калыбына келтирүү мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1