Жакыпов, Атакул – акын. Лейлек районунун Исфана айылында 1953-жылы 3-сентябрда туулган. Ал «Коргон» орто мектебин 1971-жылы аяктаган соң, райондук «Алга» гезитинде кабарчы болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. Аскер кызматын өтөп келгенден кийин 1974–1978-жж. «Алга» гезитинде бөлүм башчы, 1978–1982-жж. комсомолдун райкомунун инструктору, бөлүм башчысы, 1983–1984-жж. райондук китеп сүйүүчүлөр коомунун жооптуу катчысы, райондук «Алга» гезитинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 1985-жылдан бери К.Сабыров атындагы орто мектепте мугалим болуп иш-теп келе жатат.

1979-жылы Ош мамлекеттик пединститутунун филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

А.Жакыповдун адабий чыгармачылык жолу 1968-жж. башталып, анын «Түнкү этюд» деген алгачкы ыры «Советтик Кыргызстан» гезитинде жарык көргөн. Ошондон баштап анын ырлары «Темир канат», «Учкун», «Перевал» сыяктуу алъманахтарда жарыяланып, ырлары орус, өзбек, тажик тилдерине которулган.

Педагогдук иштеги үзүрлүү эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн мыктысы» деген наамга (1990) татыктуу болгон.

1989-жылдан Жазуучулар союзунүн мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Жашыл арал: Ырлар. – Ф., 1982. – 28 б.

Ички кайрыктар: Ырлар. – Ф., 1986. – 52 б.

Айдың кеч: Ырлар. – Баткен, 1999. – 128 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү