Атантай Рыскул уулу (19-кылымдын 1-жарымында жашаган) - Нарын аймагындагы кыргыздардын Цинь династиясынын аскерлерин ж-а Кокон хандыгына каршы боштондук күрөштөрүн жетектегендердин бири. Нарын өрөөнүндөгү чоро саяк уруусунан чыккан элдик баатыр Тайлак баатырдын агасы. Атантай Рыскул уулу м-н Тайлак 19-кылымдын 20-жылдарында Чыгыш Түркстандагы элдердин Кытай империясынын баскынчылык согушуна каршы күрөштөрүн ар тараптан колдоп келишкен. Чыгыш Түркстандагы көтөрүлүштүн башчысы Жааңгер Кожону кууп келген кытайлык аскерлерди талкалоодо Атантайдын ролу чоң. Андан кийин Кокон хандыгынын басып алуучулук саясатына каршы 1831-ж. Нарын аймагындагы кыргыздардын күрөшүн да Атантай м-н Тайлак жетектешкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1