Ата – адам коомундагы жакындыкты түшүндүргөн сыймыктуу сөз. Ата түшүнүгү тууганчылыктын, жакындыктын көп жеринде колдонулат.

1. балалуу болгон эркек. Атанын атасы – чоң ата, энесинин атасы – тай ата; чоң атабуба; бубанын атасы – баба; анын атасы – жото; анын атасы – кубаары; кубаарынын атасы – жете; анын атасы –тек. Андан ары урук, уруу, улут болуп кетет. Тай ата менен тай энесинин аталары жана өз атасынын тай атасы – чоң тай атасы, атасынын досу же энесинин досунун күйөөсү жана алардын аталары – аяш ата делет. Бала төрөлгөндө киндигин кескен аялдын атасы менен күйөөсү киндик ата, багып алган киши же энесинин кийинки күйөөсү – өгөй ата, аялынын атасы – кайын ата, аялынын чоң атасы менен тай атасы – чоң кайын ата, жаңыдан никелешкенде ата-энесинин жана өздөрүнүн каалоосу боюнча, жаңы үйлөнгөндөрдүн ата-энесиндей эле кайгы-кубанычына ортоктош болучу (күйөөсүнө өзүнчө, аялына өзүнчө дайындалган) калыс өкүлдөр – өкүл ата деп аталат.

2. Чоң атанын атасы – бубадан аркы аталар жалпылана ата же жете деп аталат. Жети атасын билбеген киши тексиз, жетесиз киши катары эсептелген. Жети ата өтмөйүнчө кыз алышууга тыюу салынат.

3. Ар кандай зарылчылыкта – энчи бөлүштүрүүдө, сакалдуулук ылгоодо, алыс-жакынды аныктаганда – тең ата, кем ата, бир же эки ата улуу же кичүү деген түшүнүктөр бар.

4. Көп жашаган, көптү көргөн нускалуу карт адамдарды урматтоо (баланча ата, түкүнчө ата, бастанча аталар).

5. Өнгөн жерге тиешелүү Ата конуш, Ата Журт, Ата-Мекен.

6. Ар кандай ишенимдер боюнча, айрым айбандардын колдоочулары – Чолпоната, Камбар-Ата, Ойсул-Ата, Чычкан-Ата жана башка.

7. Айрым учурда коркутуу, кекетүү, каардануу иретинде атасын тааный элек жана башка делип колдонулат.

8. Көп учурда адил, улуу, сыймыктуу деген мааниде эмгекке, өнөргө, акылга, билимге байланыштуу ата деген түшүнүк колдонулат. Мисалы, күү атасы Камбаркан, эл атасы алп Манас, калк атасы эр Бакай, сын атасы Толубай, ыр атасы Токтогул жана башка.

Адабият түзөтүү

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү