Атей (т. ж. белгисиз - б. з. ч. 339-ж.) - Скиф падышалыгынын падышасы. Страбондун маалыматтары б-ча Атей Дондон Дунайга чейинки аймактардагы варвар урууларын өзүнүн жеке бийлиги астында бириктирген. Боспор падышалыгы м-н күрөш жүргүзгөн, Балкан жарым аралындагы фракиялыктардын жарымын баш ийдирген. Өзүнүн тыйынын чектирген. Атей башкарган жылдарда сарматтардын Меотидага (Азов д.) жер которуусу башталган. Филипп ii македонскийдин аскерлеринен жеңилип, уламыш б-ча 90 жаш курагында курман болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1