Аткана- жылкы багылуучу жай.

Ал кургак жерге типтүү долбоор боюнча жылкы асыроонун шартына ыңгайлаштырылып курулат. Ага суу түтүгү киргизилип, желдеткич орнотулат. Асыл тукум жылкы Атканада кулун, тай, айгыр, бооз бээ багылат. Ал эми асыл тукум жылкы менен күч унаа катары пайдаланылган аттар өзүнчө орунга байланат. Аткананынын жерден шыпка чейинки бийиктиги асыл тукум жылкы үчүн 3 м, күч унааныкы 2,4-2,7 м, терезеси 0,5-1,5 м болот. Анын керегелери негизинен бышкан кыштан, жыгачтан жана башкадан тургузулуп, үстү тактай же шифер менен жабылып, асты көбүнчө тактайланат же асфальтталат. Аткананын жанында жем, чөп, ат жабдыгы, шайман сакталуучу жай жана манеж болууга тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.