Атка мингизүү, кыргыз салты

Байыртадан бери көчмөндүктө жашоосун өткөргөн кыргыздардын Камбар-Ата пири болгон жылкы менен байланышкан көптөгөн аңыздары, уламыштары, ыр-дастандары, санжыралары, шаан-шөкөттөрү, ырымдары, салттары бар. Ошонун бири атка алгач мингизүү салты болуп эсептелет.

Атасы төрт-беш жашка чыккан уулун тайга, кунанга алгач мингизип, тизгин карматып, бабалардын салтын улап, баланын атын карыяга жетелетип, айылды аралаткан.
Ушундан улам кыргыз элинде «ат жалын тартып мингени» деген сөз калган. Демек, ушул мезгилден тартып, өз алдынча тизгин тартып, ат минген уул эр бүлөнүн мүчөсү катары эсептелген, атанын орун басары, келечектеги мал ээси болот деп атка минген балага улуулар бата беришип, алкашкан. Ушул жөрөлгөгө карата айыл-апа, тууган-уругу чогулуп тойлошкон.

Баланы атка мингизүү — эркек бала 4—5 жашка чыкканда баланын ата-энеси айырмачын, тердик, токумдарын камдап, баланы кунанга мингизип, кой, тай союп бышырып жана да кадырлуу кийит чапандардан алып бир досунун үйүнө алып барат. Бала түшкөн досу балага кадырлуу малдарынан энчилеп берип чыгарат.[1]

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  1. Каада-салттар. Ак баталар / А. Акматалиевдин жалпы ред. астында; Түзгөндөр: А. Акматалиев, К. Кырбашев, М. Өмүрбай уулу, Ө. Шаршеналиев. Кырг. Улут. И. А. ж.б. — Б.: «Шам», 2003-ж. («Эл адабияты» сериясы). ISBN 9967-10-123-1