Атмосферадагы суу буусунун конденсациясы

Атмосферадагы суу буусунун конденсациясы - абадагы суу бууларынын суюктукка (тамчыга) айланышы. Ал суу буусуна каныккан абанын муздак заттарга тийишинен пайда болот. Таштарда, дубалдарда, бак-дарактарда же аба конденсациясынын ядролорунда көп байкалат. Атмосферадагы суу буусунун конденсациясы буунун серпилгичтигине, температурасына, электр зарядына, тамчынын өлчөмү менен химиялык курамына байланыштуу. Атмосферада конденсация ядролору бууга айланган туздардан, метеориттердин күйүшүнөн, токойлордун өрттөнүшүнөн, түтүндөрдөн, космостук чаңдардан, бактериялардан жана башкалардан пайда болот. Конденсациясынын негизинде атмосферада булуттар, тумандар, жаан-чачындар, жер бетинде шүүдүрүм, бубак, кыроо жана башкалар келип чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1