Атмосфералык озон - Жердин атмосферасында эң аз санда болуучу (салмагы боюнча анын 0,6 бөлүгүн түзгөн) үч атомдуу кычкылтек (О3).

Ал биздин планетадагы бүткүл тирүү жандыктар үчүн зор мааниге ээ. Атмосферада озондун аз эле болушу организмдеги кычкылдануу процессин тездетип ага жакшы таасирин берет. Озондун топтолушунун кескин жогорулашы, тескерисинче, организмге терс таасирин тийгизет. 15-35 км бийиктиктеги стратосфера озонго бай (0,01 %ке чейин). Тирүү организмдин клеткаларын бузуучу Күндүн ультракызгылт-көк нурларын стратосфералык озон өткөрбөй кармап калат. Узундугу 3200 Е болгон кыска толкундуу нурлануунун 99% озон аркылуу жутулат. Атмосферадагы озон сутканын жана жылдын мезгилине, о. эле географиялык кеңдикке жана узундукка карата өзгөрүп турат. Озон берилген географиялык чекитте бир суткада 30%ке, сезондон сезонго орточо айлык саны 10%ке, жылдык мааниси 1-2%ке чейин өзгөрөт. Эгер атмосферадагы озон 1-2 %ке азайса, анда ультракызгылт-көк нурлануунун интенсивдүүлүгү 2%ке жогорулайт. Мындай өзгөрүү теринин рак оорусуна, клеткалардын башаламан бөлүнүшүнө, табияттын өзгөрүшүнө, фотосинтез процессинин бузулушуна жана дүйнөлүк океандагы микроорганизмдердин азыктануу системасынын бузулушуна алып келет. Алгач Жердин атмосферасы Марс, Чолпон сыяктуу коңшу планеталардын атмосферасына жакын болуп, анын курамында кычкылтек болбой, көмүр кычкыл газы жана азот кирген. Мындан 2 млрд. жыл мурун тирүү организмдердин пайда болушу атмосферада кычкылтектин, акырында озон катмарынын пайда болушуна алып келген. Басым менен температуранын кадимки шартына (760 сым. мам. мм жана 0ºС) келтирилген озон катмары орточо 2,5-3 мм. Бул катмар Жер бетинде тиричиликтин пайда болушуна алып келди.

Колдонулган адабияттар түзөтүү