Атмосфералык толкун өткөргүч

Атмосфералык толкун өткөргүч - Жердин бетине жакын жайгашкан жана рефракциянын натыйжасында электр-магниттик толкундарды канал сыяктуу өткөрүү жөндөмдүүлүгү бар атмосферанын катмары.

Бул Атмосфералык толкун өткөргүч каналдын чегинен радиотолкундарды көп ирет удаалаш чагылдырып, аларды алыска таратууга болот. Вертикаль боюнча температурасы, нымдуулугу, демек, сынуу көрсөткүчү аномалдуу бөлүштүрүлгөн инверсиалдык катмардын болушу Атмосфералык толкун өткөргүчтүн пайда болуусуна себепкер. Аба ырайы жакшы учурда инверсиалдык катмар туруктуу болот да, Атмосфералык толкун өткөргүч пайда болот. Мис., оптикалык мираж бул Жер атмосферасында жарык таралуудагы толкун өткөргүчтүк механизминин көрүнүшү. Атмосфералык толкун өткөргүч толкун узундугу λкр критикалык маанисинен кичине болгон толкундар таралат. λкр чоңдугу Атмосфералык толкун өткөргүчтүн калыңдыгы hв менен төмөнкүдөй байланышкан: λкр ~0,085*hв3/2, мында λкр см м-н, hв м менен ченелген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү