Атмосферанын көрүнүмдүүлүгү

Атмосферанын көрүнүмдүүлүгү - алыстагы заттарды күңүрттөнгөн аба катмарларынан ажырата көрүүнүн мүмкүнчүлүгү. Ал күндүзгү, күүгүмдөгү жана түнкү болуп бөлүнүп, заттын канчалык даана көрүнүмдүүлүгү жана анын алыстыгы (горизонталь жана тик же жантык багыт боюнча) менен мүнөздөлөт. Изилдөөнүн практикалык мааниси транспортто (жол белгилеринин, самолёттор конуучу жана учуучу аянттардын көрүнүмдүүлүгү), топография (трангуляциялык белгилердин көрүнүмдүүлүгү) жана аскер иштеринде (чалгындоодо жана башкада) өтө чоң. Анын өзгөрүшү аба-ырайына байланыштуу. Горизонталь боюнча заттардын көрүнүмдүүлүгү кээде 50 кмден ашат. Жайында жакшырып, кышында тумандуу жана жаан-чачындуу күндөрдө, бороон болгондо начарлап, заттар ондогон мге чейин гана араң көрүнөт. Заттардын көрүнүмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн дүрбү жана радиолокация пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1