Атмосфера басымы - атмосферадагы абанын Жер бетине жана андагы бардык нерсеге болгон гидростатикалык басымы. Атмосфера басымы - атмосферанын абалын мүнөздөөчү негизги чоңдук, атмосферанын ар бир чекитиндеги басым анын жогору жагындагы абанын салмагы менен аныкталат.Атмосфера басымы барометр же гипсотермометр менен өлчөнөт. Ал миллибар (мбар), ньютондун чарчы метрге болгон катышы 0°Сге келтирилген барометрдеги сымап мамычасынын бийиктиги (760 мм) жана оордук күчүнүн ылдамдануусунун нормалдык (деңиз деңгээлинен ж-а 45° кеңдик боюнча) чоңдугу менен туюнтулат. Кабыл алынган нормалдуу атмосфера басымы 760 мм Бийиктик жогорулаган сайын атмосфера басымы азая берет: 5 км бийиктикте атмосфера басымы Жер бетиндегиден эки эсеге аз. Ал жер бетинде ар кайсы жерлерге жана убакытка жараша өзгөрүп турат. Бирок түрдүү өзгөрүүлөргө (циклон жана башка) карабастан, жер бетиндеги жылдык орточо атмосфера басымы бир калыпта болот. Деңиз деңгээлиндеги бийиктикте байкалган эң төмөнкү басым 584 мм .

Атмосфера басымы (6-2012).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1