Атмосфера озону, озоносфера - абадагы кычкылтектин өзгөрүшүнөн пайда болуп, атмосферанын курамына кирүүчү газ. Жерге чектеш атмосферада озон аз болот да, 20-35 кмден 70 кмге чейинки бийиктикте көбөйүп, өзүнчө озоносфера катмарын түзөт. Атмосфера озону күн радиациясынын 4%ын сиңирип турат. Ал ультра-кызгылт-көк нурларды жана жерден көтөрүлгөн жылуулукту өткөрбөйт. Ошондуктан атмосфералык процесстер жана жер бетиндеги тиричилик үчүн анын мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1