Атомдун магнит структурасы

Атомдун магнит структурасы – магнит-активдүү иондордун мейкиндиктеги мезгилдүү жайланышы жана алардын магнит моменттеринин кристаллдын ичиндеги тартипке келтирилген багытталуусу (ферро-ферри – же антиферро-магнетикте).

Атомдун магнит структурасын домендик структурадан айрымалоо зарыл. Атомдук магнит моменттердин мейкиндикте мезгилдүү жайланышы заттын кристаллдык структурасы менен аныкталат. Моменттердин өз ара багытталуусун электр-статикалык жаратылышы бар алмашуу өз ара аракетин шарттайт, кристаллографиялык окторго карата жалпы багытын магниттик анизотропия күчтөрү аныктайт. Магниттик татаал өз ара аракеттер атомдун магнит структурасын татаалдантышы мүмкүн. Атомдун магнит структурасы менен байланышкан магниттик заттардын эки негизги классы бар: суммалык микроскопиялык магниттик моменти болгон М ≠ 0 жана М = 0 болгон заттар.

Биринчисине ферромагниттик атомдун магнит структурасы туура келет. Экинчисине антиферромагниттик атомдун магнит структурасы туура келет. Атомдор арасындагы өз ара аракеттешүүнүн татаал (алыстан аракет этүүчү) учурларында ийрилген атомдун магнит структурасы пайда болот. Атомдун магнит структурасынын толук классификациясы магниттик симметрия теориясында каралат. Кристаллдын Атомдун магнит структурасы жана физикалык (биринчи иретте – магниттик) касиеттери өз ара тыгыз байланышта болот. Кристаллдардын Атомдун магнит структурасын аныктоого магниттик нейтронография мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү