Атом-молекулалык теория- заттардын атомдук жана молекулярдык түзүлүшүнүн теориясы.

Теориянын алгачкы негиздөөчүлөрү: Ломоносов, Бойль, Далмон, Канниццаро, Авогадро, ГейЛюссак, Жеррар ж. б. Бул теория боюнча бардык заттар атомдордон жана молекулалардан турат. 18-кылымда пайда болгон бул теория физикалык жана химия илимдеринин жаңы табылгалары менен толукталып, жаратылыштын көп кубулуштарын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Атомдук жана молекулярдык салмак чоңдуктары илимге Атом-молекулалык теориянын негизинде киргизилген.

Теориянын өнүгүшүнө мезгилдик системанын, электрондун, рентген нурларынын жана радиоактивдүүлүктүн ачылышы чоң түрткү берди. Мурда бөлүнбөс деп эсептелген атом, жаңы ачуулардын негизинде, электрондон жана ядродон турган татаал бөлүкчө экендиги далилденди.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.