Атом спектрлери — эркин абалындагы же начар байланышкан атомдордун электр-магнит нурун бөлүп чыгаруудан же жутуудан алынуучу оптикалык спектрлер. Алар тыгыз эмес бууларда жана газдарда болот. Aтом спектрлери нурлануу жыштыгы n менен мүнөздөлүп, ар бир сызыгы атом энергиясынын е. жана ek энергия деңгээлинин ортосундагы өтүшүнө туура келет: ei –ek=hn, мында, h – Планк турактуулугу. Aтом спектрлери ачык көрүнгөн жекече касиетке ээ. Алардын көрүнүшү берилген элементтин атомунун түзүлүшү менен гана аныкталбастан, сырткы факторлору – температура, басым, электр жана магнит талаасы жана башка менен да аныкталат. Ал көзгө көрүнгөн, ультра-кызгылт-көк жана инфракызылга жакын спектр аймактарында байкалат. Аны бөлүп чыгаруу түрдүү жолдор аркылуу, башкача айтканда атомду дүүлүктүрүүдө, ал эми жутулуу туташ спектрдин нурлануусу атмосфералык газ же буу аркылуу өткөндө алынат. Aтом спектрлеринин жекече заттын сапаттык курамын аныктоо үчүн, ал эми нурландырылуучу атомдун топтолушунун, сызыктардын интенсивдүүлүгүнө көз карандылыгы заттын сандык курамын аныктоо үчүн пайдаланылат. Аны изилдөө атомдун түзүлүшү жөдөгү илимдин өнүгүшү үчүн өтө маанилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1