Атом фактору – изоляцияланган атомдун же иондун рентген нурларын, электрондорду жана нейтрондорду когеренттүү чачыратуу жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү чоңдук.

Түрдүү элементтердин атомдору үчүн Атом фактору айырмалуу болот. Берилген элементтердин атомдору жана иондордун Атом факторунун таблицалары болуу менен алар рентген структуралык анализде, электронографияда, нейтронографияда пайдаланылат. Атом фактору сан мааниси анын чачыроо бурчуна жана нурлануу толкун узундугуна көзкарандылыгы, нурлануунун атом менен болгон өз ара аракетинин физикалык жаратылышы менен аныкталат. Эгерде нурлануунун толкун узундугу атомдун радиусундай же андан кичине болсо, чачы-ратуу бурчу чоңойгондо Атом фактору монотондуу кичиреет, анткени бул учурда атомдун түрдүү чекиттеринен чачыраган толкундар бири биринен фазалары боюнча айырмаланышып, кээ бирлери бири бирин өчүрүшөт. Атом фактору атомдун белгилүү бир багыт боюнча чачкан нурлануусунун интенсивдүүлүгүн аныктайт. Рентген нурлануусу атомдун электрондору менен чачылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү