Атом (грек. atomos – бөлүнбөс) – Левкипп тарабынан киргизилген байыркы грек философиясындагы түшүнүк, ал бардык нерселерди түзүүчү эң кичине, майда, андан ары бөлүнбөгөн болмуштун бирдигин туюнткан.

Левкипптин окуусун улантуучулардын (Демокрит, Эпикур) пикири боюнча, Атомдор материянын, ал гана тургай жандын составдык бөлүкчөлөрү катары түбөлүктүү, дайыма кыймылда, өз ара аракеттенишүүлөрдө болушат, ушул байланыштар, тынымсыз аракеттенишүүлөр аркылуу нерселер түзүлөт; Атомдор формалары, чоңдуктары, катарлары, абалдары жана оордуктары жагынан айырмаланышат. Демокриттин атомисттик окуусу эпикурчулардын мектеби тарабынан улантылып, кийинчерээк Жаңы Мезгилдеги илимдин өнүгүшүндө пайдаланылган. Мисалы: Бойль, айрыкча Дальтон тарабынан Атом түшүнүгүнүн химияга киргизилиши жемиштүү болгон.

Азыркы учурда Атом физиканын изилдөө предмети болуп калды. Мурда, атам бөлүнбөс деп далилденип келсе, кийин илимде анын татаал структурасы жана бөлүкчөлөргө бөлүнүшү белгилүү болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү