Атталилер - Пергам башкаруучуларынын (б. з. ч. 283-133) династиясы.

Аны Атталдын уулу Филетер (283-263) негиздеген деп эсептелет. Лисимах Филетерди Пергам чебине башчылыкка дайындаган; 283-ж. Филетер Лисимахка каршы көтөрүлүш чыгарып, 281-ж. иш жүзүндө ага көз каранды болбой калган.

Анын ишин улантуучу Евмен 1нин (263-261) тушунда Атталилер расмий көз каранды эместикке жетишкен. Евмендин ишин улантуучу Аттал Iнин (241-197) убагында Атталилер бүткүл Азияны дээрлик өзүнө каратып, Пергам падышачылыгынын составына кошуп алган.

Аттал Iнин уулдары: Евмен II (197-160 (же 159)), Аттал II(160 (же 159) - 139 (же 138)), Аттал III (139 (же 138) - 133) А-дин акыркы өкүлдөрү болушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.