Башбаракты ачуу

Аттар Нишапури — перс акыны, ал жөнүндө болгон маалымат анын өзүнүн эмгектеринен жана кийинчерээк XV-кылымда Доулатшах Самарканд тарабынан жазылган “Акындардын ой-толгоосу” аттуу биографияда жана Абд ар-Рахман Жами жазган эмгектерден алынган.

Өмүр баяныОңдоо

Аттардын толук аты – Абу Хамид Мухаммад ибн Абу Бакр Ибрахим. Аттар – башкача айтканда “дарыканачы” акындын поэтикалык псевдоними болгон. Ал 1145\46-жылы жарык дүйнөгө келип, 1221-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын Нишапур шаарына жакын Зарванд аймагындагы Кадкан кыштагында жарык дүйнөгө келгени маалым. Бул шаар бир гана Хорасандын эмес, бүткүл ислам дүйнөсүнүн маанилүү маданий жана интеллектуалдык борборлорунун бири катары белгилүү болгон. Андан тышкары Хорасан провинциясы, өзгөчө Нишапур шаары ислам мистицизм борбору катары жалпыга белгилүү болгон. Фарид д-Дин Аттар белгилүү дарыгер, дарыканачы Ибрахим Абу Бакрдын уулу болгон. Ал атасы дүйнөдөн кайткандан кийин анын жолун жолдон, ишин уланткан. Аттардын билиминин мыкты экенин анын чыгармаларындагы медицина жана фармацевтика тармагына карата терең айтылган сөздөрү тастыктайт. Атасын дунодон кайткандан кийин, көп өтпөй, Аттари өз алдынча дарыгерлик менен иштеп баштаган. Ошондой болсо да, ал адабий чыгармаларды жаратуу үчүн убакыт таап турган.

ИрфанОңдоо

Арадан бир кыйла убакыт өткөн соң Аттари дарыгерлик ишин таштап, өзүн суфийлердин руханий практикасына, поэтикалык чыгармаларга арноону чечкен. Анын мындай чечиминин себеби биздин күнгө чейин табышмак. Кээ бир адабият таануучулардын изилдөөлөрү боюнча Аттар суфийлердин даанышмандыгын өздөштүрүү максатында жер кезип жүрсө, кээ бир адабиятчылар акын өмүр бою Нишапур шаарынан чыкпай жашап, жашы улгайып сакалын ак баскан куракка жетип дүйнөдөн кайткан дешет. Аттардын каргашалуу өлүмү боюнча аз кана маалымат калган. Алардын көбү, акынды 1221-жылы монголдук аскерлер Нишапур шаарын басып алууда өлтүрүшкөн деп айтышат. Акындын сөөгү, анын киндик каны тамган Нишапур шаарынан алыс эмес жерде коюлган. =Аттар Нишапуринин чыгармалары= Акындын адабий мурасы тууралуу көптөгөн талаш тартыштар жаралып келет. Биринчиден адабият таануучулардын изилдөөсү боюнча, анын чыгармлаларынын саны тууралуу так маалымат жок. Орто кылымдын биографтары Фарид ад-Дин, акын Курандын ар бир сүрөөсүнө карата 114 жыйнак жазган деп далилдейт. Бирок бул аша чаап көбөйткөндүк деп эсептелет, анткени чындыгында анын 13 чыгармасы гана Аттардын өзү тарабынан эске алынганы маалым. Ал эми профессор Саид Насифи 66 чыгарманы акын Аттаринин калемине таандык деп билет. Профессор Нафиси анын чыгармаларынын 12син гана асыл нуска деп билип, алардын үчөө таптакыр жок болуп кеткенин эске салат. Ал эми, Аттардын өмүр жолун жана чыгармаларын изилдеген эң алгачкы адабиятчы, профессор Бади аз-Заман Фурузанфардын изилдөөлөрү боюнча акын 6 орчундуу чыгарма жараткан. Алар; “Сырлар китеби”, “Куш тили”, “Убайым китеби”, “Ыйык китеп”, “Мухтар наме”, “Хосроу наме” жана “Тазкират ал-аулийя” аттуу көлөмдүү прозаикалык чыгарма болуп эсептелет. Экинчиден, азыркы кезде көптөгөн Аттар таануучулар – Фарид ад-Дин Аттар чындыгында эле жогоруда айтылган поэмалардын автору болгонбу деген маселени чечүүгө аракеттенишүүдө. Мындай күмөн саноо акынга таандык деп эсептелген чыгармалар бири бири менен стиль жагынан айырмаланышында. Андан тышкары анын кээ бир чыгармалары анын суннит болгондугун билдирсе, кээ бир чыгармалары анын шиит болгондугун билдирет. Мындай көрүнүштү адабият таануучу Х.Риттер акындын рухий дүйнөсүнүн эволюциясы деп божомолдойт. Х.Риттер акындын чыгармаларын үч негизги этапка бөлөт.

  • Акындын мистикалык идеялары менен көркөм чыгармалары айкалышкан чыгармалар.
  • Пантеитикалык идеялар поэтикалык көркөмдөөгө басымдуулук кылган чыгармалары.
  • Имам Алини мактоого алган чыгармалары.

Аттар Нишапуринин чыгармалары жөнүндө изилдөөлөрОңдоо

Аттардын чыгармаларынын акыйкаттыгы жөнүндө айта кетчү нерсе, акын “Мухтар наме” жана “Хосроу наме” чыгармаларынын прологунда, өзүнүн калеминен жаралган ырлар жыйнагы (диван), “Сырлар китеби”, “Куштар тили”, “Кайгы китеби”, “Ыйык китеп”, “Жавахир наме” жана “Шах ал калб” поэмаларын санап өткөн. Андан тышкары Аттар “Жавахир-наме” жана “Шарх ал калб” чыгармаларын өз колу менен жок кылганын да эскерет. Мындан тышкары Аттардын чыгармаларын жазуу тартиби маселеси жаралат. Акын өзү алардын тартиби жөнүндө эч бир так маалымат калтырган эмес. Ошондуктан акындын чыгармаларынын кайсынысы биринчи жазылганын аныктоо оңойго турган эмес. Бади аз-Заман Фурузанфар абдан маанилүү изилдөө жүргүзүп, Аттар эң биринчи “Куштар тили” поэмасын жазган, андан соң экинчи “Ыйык китеп”, үчүнчү “Сырлар китебин” төртүнчү Хосроу-наме” жана андан соң бешинчи “Мухтар намэ” поэмасын жазган деп билген. Жогоруда айтылгандардын натыйжасында, Аттардын чыгармалары “ыр түрүндө” жана “проза түрүндө” болуп эки топко бөлүнөөрүн айтуу зарыл.

Аттар Нишапуринин ыр түрүндө жазылган чыгармаларыОңдоо

  • Поэтикалык чыгарма (диван) – негизинен газелдерден (дивандын жетинчи бөлүгү касыдалардан) турат. Аттар панегирикалык жанрдагы ыр жазуудан алыс болууга тырышкандыктан касыдаларды сейрек гана жазган. Анын газелдери махабат жана шарап тематикасынан айырмаланып, көбүнчөсү мистикалык тажрыйбаларды сүрөттөөдөн турат.
  • “Мухтар-намэ” рубаилери. Аттар өзүнүн досторунун суранычы менен өзүнүн алты миң төрт сап ырын үч негизги бөлүккө бөлүп, аларды темасына карай 50 бөлүккө бөлгөн. “Мухтар-наме”нин үч бөлүгүнүн эки бөлүгүнө жакыны, сүйүү темасынын ар кандай аспектилерине, ал эми жыйнактын калган бөлүгү суфий тематикаларына арналган рубаилер түзөт.
  • “Хосроу наме” романында Ахваз шахтын кызы Гүл менен Гурмуздун бири бирине болгон сүйүүсү жана алардын тагдыры, Рум императорунун никесиз төрөлгөн уулу (ага кийинчерээк башкы каарман Хосроу аты коюлган) чагылдырылган.
  • Философиялык-дидактикалык поэмаларга “Сырлар китеби” (Асрар наме), “Куштардын тили” (Мантик ат-тайр), “Кайгы китеби” (Мусибат наме), “Ыйык китеп” (Илахи наме) чыгармалары кирет.

Прозаикалык чыгармасыОңдоо

Аттардын прозаикалык чыгармаларына болгону “Тазкират ал-аулийя” чыгармасы кирет. Бул прозаикалык чыгарма суфий насаатчыларынын иш аракеттери, аладын насааттарынын таасирдүү биографиялык жыйнактардан турат. Ошол эле чыгармада “Ыйыктар жөнүндө баяндама” ачылып, анда имам Жафар ас-Садык, Увайс Карани жана Хасан ал-Басрилердин өмүр баяндары менен башталып, Аттар үчүн аныгы суфий үлгүсү болгон Мансур ал-Халлаждын жашоодогу окуялары менен аяктайт. Бул прозаикалык чыгарма Аттарга өз доорунун суфий ойчулу катары атак-даңк алып келген. =“Куштардын тили”= “Куштардын тили” атту поэма Аттардын бардык чыгармаларынын маанилүүсү болуп саналат. Анын көркөм кооз жазылышы, сүйлөмдөрдүн жана сөздөрдүн бири бири менен төп келише айкалышы гана эмес андагы суфий идеялардын жеткиликтүү жана маанилүү берилиши, адамдын ички дүйнөсүнүн Кудайга болгон жолун сүрөттөө, андагы куштар өз падышасы Симоргго карай сапары чагылдырылып, тарыхый аллегориялык формада жазылганы менен айырмаланат. “Куштардын тили” поэмасынын структурасы үч негизги топко бөлүнөт.

  • Киришүү (пролог) – перс адабий канонуна ылайыкталып жазылган.
  • Негизги аңгеме –поэманын эң көлөмдүү бөлүгү, ал 45 бөлүмдөн түзүп, анын ар бир бөлүгү бир нече аңгеме-жомоктон турат. Бул бөлүм куштардын падышасы Симоргду издөөгө арналган куштардын саякатын чагылдырат.
  • Корутунду (эпилог) – бул бирдей фрагменттеги маанини чагылдырып эч бир бөлүккө бөлүнгөн эмес.

Аттар Нишапуринин улуттук күнүОңдоо

Ирандын жылнамасы менен 25 фарвардин күнү (14-апрель) Аттар Нишапуринин улуттук күнү деп табылып, жыл сайын Нишапурда улуу данышманга арналган мааракелер өтүп турат жана даанышман жөнүндө жүргөн изилдөө иштер, конференциялар, китеп көргөзмөлөр, сулуу жазуу жарышы, адабий кечтер сыяктуу көптөгөн программалар да өткөрүлүп турат.

ШилтемелерОңдоо

БулактарОңдоо

  • کتاب منطق‌الطّیر اثر عطار با تصحیح و مقدمهٔ احمد خوشنویس و میرزا محمد حسین خان ذکاالملک.
  • هدایت، رضاقلی خان، مجمع الفصحاء، به کوشش: سید رضی واحدی و سهراب زارع، امیر کبیر، تهران: ۱۳۸۹
  • عبدالله بن محمد نجم رازی، مرصادالعباد، ج۱، چاپ محمّدامین ریاحی، تهران: ۱۳۶۵ ش
  • عبدالرحمان بن احمد جامی، نفحات الانس من حضرات القدس، ج۱، چاپ مهدی توحیدی پور

=Шилтемелер= *https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%B9%D8%B7%D8%A7%D8%B1_%D9%86%DB%8C%D8%B4%D8%A7%D8%A8%D9%88%D8%B1%DB%8C Адабият