Атуулдук баш ийбөөчүлүк - алып жүрүүчүлөр тарабынан акыйкатсыз жана четтетүү керек деп каралган, өкүм сүргөн тартипке, айрым мыйзамдарга, бул же тигил саясий лидерлерге же бийликтер тарабынан жүргүзүлгөн расмий саясий акцияларга карата ыраазычылыкты чагылдыруу менен байланышкан жеке же массалык аракеттер.

Эреже катары Атуулдук баш ийбөөчүлүктүн жактоочуларынын аракеттери бийликтегилерге баш ийбөө жана саясий, диний же адеп-ахлактык ой-жүгүртүүлөрдөн улам мыйзамдарды аткарбоого чакыруулар менен байланышкан. Алгач Атуулдук баш ийбөөчүлүк термини америкалык ойчул жана жазуучу Г.Торо (1817-1862) тарабынан «Атуулдук баш ийбөөчүлүк» (1849) аттуу программалык эссесинде пайдаланылган. Анда ички адеп-ахлактык өңкөрүштүн тышкы көрсөтүүсү (бир адамдын революциясы) катары түшүрүлгөн зордук-зомбулуксуз революциянын моралдык негиздөөсү берилген.

XX к. Атуулдук баш ийбөөчүлүк концепциясынын жана практикасынын андан аркы өнүгүүсү англиялык колониализмге каршы күрөштүн жүрүшүндө М.К. Ганди (1869-1948) тарабынан ашырылган. Ганди тарабынан иштеп чыгарылган жана анын улантуучулары тарабынан кабыл алынган баш ийбөөчүлүк саясаты өзүнө бийликтегилер менен кызматташтыкка барбоо, өкмөттүк окуу жайларын бойкоттоо, тынчтык демонстрацияларын уюштурууну камтыган. Батышта Атуулдук баш ийбөөчүлүк акциялары Франциянын Алжирдеги колониалдык согушуна, Въетнамдагы АКШнын согушуна, ТАРдагы расалык дикриминация фактыларына каршы күрөштөрдө кеңири колдонулган. СССРде Атуулдук баш ийбөөчүлүк идеялары иш жүзүндө диссиденттик кыймылдардын көптөгөн активисттери тарабынан колдонулган.

Атуулдук баш ийбөөчүлүктүн негизинде - күч колдонбостон каршылык көрсөтүү жатат. Формасы боюнча Атуулдук баш ийбөөчүлүк төмөндөгүдөй акцияларды жүзөгө ашырууну өзүнө камтыйт: ачыкка чыгуу, демонстрацияларды, нааразычылык марштарын, пикеттерди, ачкачылык жарыялоолорду уюштуруу, аскердик кызматка чакырууга макул болбоо, мыйзам чыгаруу актыларын, шайлоолорду бойкоттоо.

Бул кыймыл-аракеттери менен Атуулдук баш ийбөөчүлүктүн демилгечилери белгиленген саясий максаттарга жетүүгө алып келе турган кыймылдын массалык социалдык базасын кеңейтүү үмүттөрү менен байланышкан. Ошондуктан саясат таануу илиминде Атуулдук баш ийбөөчүлүк өзүнүн мүнөзү боюнча легалдуу оппозициянын укуктук ишмердүүлүгү менен коомдун саясий дестабилдештирилишине алып келген; укукка каршы аракеттердин ортосундагы аралыктык абалды ээлеген саясий нааразычылыктын аракети катары каралат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8