Жарандык лирика

Атуулдук лирика‎»‎ барагынан багытталды)

Жрандык лирика же атуулдулук лирика ― акындын эл-жер, жеке адамдын эркиндиги жөнүндөгү жана башка атуулдук маселелерди көтөрүп чыккан ырлары.
Мындай лирика ар бир элде кеңири тараган. Мисалы:

Өзүмдүн, сенин, анын баарысынын
Саптарын калдым жерип,
Эми жалгыз кетемин.
Жетеминби, жетпейминби,
Дайрадан өтөмүнбү куш өтө алгыс.
Тагдыры космонавттын программага
байланган.
Жерди айланган,
Айды айланган.
Майдандан кайтып келген миң-миңдерди
Майрамдан майдандарга кайра кайырам.
Сөздөрдүн билем күчүн.
Канжар мизи
Кезиңде мокок сөздөн айткан жалгыз
Учугу сезим изи эсептердин,
өтөмбү дайралардан куш өтө алгыс.
Бул менин эң алгачкы бир булкунуум.
Кутулуум.
Эрежелер доорун айырам.
Мажирөө бүжүрөөдөн кол үзөмүн,
майрамды майдандарга кайра кайырам.
Адамдар,
Көктү, Жерди карагыла,
күрөштүн тарабына аябаган.
Кетемин сезимдерди тизмелөөдөн.
кеткендей традициялуу поэмадан.
Кеткендей аялдардан көңүлүм калып,
Детектив романдардын баш жагынан
этектеп окуяны кууп алып
Кетемин кеткен өңдүү окуужайдан,
дипломдук ишти жактап мартта, майда.
Кеткендей мүнүшкөрдөн барчын качып,
Житкендей мергенчиден аңчы тайган

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004