Атчан аскер - аскерлер курамынын бир түрү. Алар атчан жүргөндүктөн, согуш аракеттеринде ар кандай жерлерде өз алдынча чабуул коюуда, коргонууда көп артыкчылык кылган. Атчан аскер жөнүндө маалымат биринчи жолу биздин заманга чейинки 9-кылымда Ассирия армиясы тууралуу булакта учурайт. Атчан аскердин согушуудагы башкы ыгы - колдо бар бардык куралдарды (найза, жаа, кылыч жана башка) пайдаланып, ыкчам чабуул коюу. Байыркы грек мамлекеттери (Спарта, Афины) жылкыга бай болгондуктан, Түндүк Грекияда, Фивада эң көп атчан аскер түзүлүп, биздин заманга чейинки 4-кылымдын 1-жарымында фивалык колбашчы Эпаминод алгачкы жолу атчан аскер менен жөө аскерлердин биригип аракеттенүүсүнүн натыйжасында душманын кыйраткан. Биздин заманга чейинки 4-кылымдын 2-жарымында Александр Македонскийдин армиясында атчан аскер негизги сокку уруучу күчкө айланган. Ал эми атчан аскерди согуштук аракеттерде пайдалануу чеберчилиги жагынан көчмөн элдер европалыктарга караганда алда канча алдыда тургандыгы белгилүү. Себеби көчмөндөрдүн күнүмдүк турмуш-тиричилиги, бүткүл жашоосу жылкы менен терең байланышта өткөндүгү белгилүү. Байыркы түрк калктарынын, анын ичинен кыргыздардын чарбалык, согуштук турмушундагы жылкынын ээлеген орду, алардын рухий жашоо турпатына да таасирин тийгизген. «Ат адамдын канаты», «Аты жоктун буту жок», «Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны», «Атты баксаң ар жерде, жоого бербес тар жерде», «Аттан айрылганы, канатынын кайрылганы» жана башка ушул сыяктуу макал-лакаптар кыргыздардын турмушундагы жылкынын маанисин жана ролун даана чагылдырат. «Манаста» жана кыргыздын башка улуу эпосторунда жоокер менен анын атынын ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштар өтө кеңири сүрөттөлөт. Енисейдин Сулек деген жериндеги, Кочкордогу Көк-Сай, Бөйрөк-Булактан жана башка жерлерден табылган байыркы түрк калктарынан калган археологиялык эстеликтерде атчан жоокер келбети тартылган сүрөттөр көп кездешет. Орто кылымдарда жоокерди аты менен бирге коюу салты - көчмөн элдерге мүнөздүү, кеңири тараган көрүнүш болуп саналат. Көчмөндөрдүн согуштук күч-кубаттуулугу негизинен атчан аскерден турган жана аларды пайдалануунун атайын ыкмаларын жогорку деңгээлде өздөштүрүшкөн. Кыргыздардын согуштук өнөрүндө пайдаланылган - ат коюу ыкмасы душманга чабуул коюунун мыкты ыкмасы катары кеңири белгилүү болгон. 6-8-кылымда Түрк кагандыгынын, 7-10-кылымда арабдардын, 13-14-кылымдагы Чыңгызхан башында турган монголдордун аскерлеринин эбегейсиз зор аймактарды каратып алуусунун бирден-бир себеби - алардын мыкты уюшулган, тез аракеттенген, шамдагай, чыдамкай атчан аскер ге ээ болгондугу менен байланыштуу. Көчмөндөрдүн атчан аскерлери кыска мөөнөттө жүздөгөн чакырым аралыктарды чаалыкпастан өтүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. Орто кылымдарда Батыш Европа өлкөлөрүндө да рыцардык атчан аскерлер башкы согуш күчүнө айланган. Жаңы мезгилде Европа өлкөлөрүндө дары менен атылчу куралдардын, транспорт каражаттарынын түрлөрүнүн көбөйүшүнөн улам, атчан аскердин мааниси төмөндөгөн. Кийинки мезгилдерде Россиядагы, Кыргызстандагы граждандык, ошондой эле 1- жана 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө да атчан аскер кеңири пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1