Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова (төр. 7-февраль 1981; Фрунзе шаары, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. 2016-жылдын июнь айынан 2017-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары болгон. 2022-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) болуп шайланган.
Атыр Абдрахматова | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
Март, 2022 | ||||
Өкмөт башчысы: | Акылбек Жапаров | |||
Президент: | Садыр Жапаров | |||
Туулган жери: | Фрунзе | |||
Билими: | Кыргыз Улуттук Университети (КУУ) | |||
Кесиби: | Юриспруденция |
Билими
түзөтүүЮридикалык жогорку билими бар.
- 1998-2003 - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, юриспруденция адистиги, артыкчылыгы бар диплом.
- 2004-2005 - Кыргыз-Россия Славян университетинин Кайра даярдоо борбору, адистиги: Маркетинг, реклама жана паблик рилейшнз менеджменти.
Ишмердүүлүгү
түзөтүүЭмгек жолун 2000-жылы калктын муктаж болгон катмарына жарандык-укуктук маселелер боюнча акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча «Жардам» долбоорунун консультанты болуп баштаган.
- 2022-азыркы убакыт - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
- 2016-2017-жылдары - Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары
- 2016-2020-жылдары - Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
- 2007-2009 - «Оберон» ЖЧКсынын юристи;
- 2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы
- 2004-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басарынын жардамчысы.
- 2003-2004-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатынын жардамчысы.
- 2000-2001 - Калктын муктаж болгон катмарына жарандык-укуктук маселелер боюнча акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча «Жардам» долбоорунун консультанты.
Шилтемелер
түзөтүү- "Атыр Абдрахматова: БШК "факты сурамайга" өтүп алды", BBC News Кыргыз кызматы, 2021-04-22, Абдыбек Казиев.
- "Махинации с формой №2: что происходит с голосованием не по прописке на выборах в Кыргызстане", Настоящее Время, 2020-09-15, Жибек Бегалиева.
- "Член ЦИК Кыргызстана – о фальсификациях на парламентских выборах", Настоящее Время, 2020-10-06, Тимур Олевский.
- "Это любовь, а она иррациональна: эксперты о победе Садыра Жапарова в Кыргызстане", RFI, 2021-01-11, Сергей Дмитриев.