Ат-башы-эңилчек жаракасы

Ат-Башы-эңилчек жаракасы - Түштүк ж-а Ортоңку Теңир-Тоо зоналарынын тоо тек катмарларын бөлүп турган тектоникалык терең жарака. Фергана кырка тоосунун чыгыш тарабында. Ал батыш түндүк-чыгышты карай Ат-Башы кырка тоосунун түндүк этеги м-н созулуп, Улан, Көк-Жар, Чакыр-Корум өрөөндөрү аркылуу өтүп, Ак-Шыйрак кырка тоосунун түштүк капталы м-н Эңилчек суусун бойлоп кетет. Узундугу 500 кмден ашык. Жарака кесип өткөн тоо тектер өтө талкаланып ж-а метаморфизмделип, негизинен сланецтерге айланган. Жарака палеозой заманынын орто ченинде эле ар кандай багытта жылышкан жер кыртыш бөлүктөрүн ажыратып турган. Геофизикалык аныктоолор б-ча, ал жер кыртышын бүт жарып өтүп, мантиянын үстүн бир кыйла жылыштырып жиберген эң терең жаракалардан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1