Оюнчулардын саны 15—30 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, стадион, спорттук бөлмө, талаа.

Оюнда колдонуучу буюмдар: жип, аркан.

Оюнга даярдануу: жетекчи шайланат, калганда-ры э^ки топко бөлүнүшүп бир биринин артынан катар-га турушат. Оюн өтүү аралык, шарт жөнүндө сүйлө* шүп алышкандан кийин ар бир топтон экйден киши чыгып, алардын бирөөсү аркандын бир учун нокто сы-мак байлап моюнуна кийгизет, экинчи жаккы учун артында турган шериктерине берет. Экинчиси да ошентет.

Оюндун баяны: жетекчинин буйругу боюнча, оюңчу-лар белгиленген аралыктан жүгүрүшүп өтүүгөтийиш. Андан сон кийинки оюнчулар кезектери келгенде бири ат болушуп, экинчиси анын жибин кармап аралыктан бат жүгүрүшүп өтүүгө аракеттенишет. Оюн экн же үч жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келген топтун оюнчулары женишке жетишишет.

Оюндун эрежеси: буйруктан мурда аракетти баш-тоого, аралыкты толук өтпөй коюуга, шериксиз жана жипсиз жүрүүгө, мурдагы оюнчулар марага келмейинче, кийинкилер баштоого, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө: оюн өткөрүлүүчү жер түз, тоскоолдук кыла турган буюмдары жок бо-лушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси: шамдагайлыкка тарбияланат.

Колдонулган адабият түзөтүү