Ат үстүндө куржун эңмей
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда колдонуучу аспап- куржун.
Оюнга даярдануу
түзөтүүТолтурулган куржунду тегиз жерге койгондон кийин оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүКезектери келгенде, аттарынан түшпөй, эңкейишип жерден куржунду эңип алып кайра мурдагы ордуна коюуга аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Куржунду жерден кыйналбай бат эңип алган оюнчу жеңет.
Оюндун башка түрлөрү
түзөтүүБала эңмей, кыз эңмей ж. б.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, аттан түшүп куржунду көтөрүүгө болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
түзөтүүАкырындык менен куржундун оордугун көбөйтсө болот.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, атты башкарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.