Ауксанометр (гр. auxano - өстүрөм жана metreo - өлчөйм) - өсүмдүк* төрдүн жалпы өсүшүн ченөөчү курал.

Бул куралда өсүмдүктөрдүн өсүшү чыгырык механизмдеринин жардамы аркылуу ишке ашырылат. Жөнөкөй Ауксанометр горизонталдык окко орнотулган ири догодон турат. Догодогу чыгырыкка бекитилген жебе жип аркылуу өсүмдүккө байланат. Өсүмдүк өсө баштаганда, жиптин салмагы менен жебе белгилүү аралыкка жылат. Жебенин башталыш жана токтогон жердеги сандарын карап көрүп, өсүштү эсептеп чыгарышат. Азыр өсүмдүктүн өсүшүн өтө так өлчөөчү электрондук Ауксанометрлер бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.