Ауэрбах чырмалуусу (Plexus mentericus, нем. илимпозу Л, Ауэрбахтын ысмынан) - омурткалуу жаныбарлардын, адамдын тамак сиңирүү органдарындагы булчуң челинин узун жана циркулярдык катмарынын ортосунда жайланышкан көп урчуктуу нерв клеткаларынын (нейрондордун) жыйындысы.

Ауэрбах чырмалуусунда нейрондордун 2 тиби бар: 1-типтеги клеткалар нерв импульстарын борбордук нерв системасынан же 2-тинтеги нейрондордон кабыл алат да, аларды тамак сиңирүү органдарынын жылма булчуңдуу клеткаларына жиберет; 2-типтеги клеткалар рефлектордук догонун сезгич (борбордук нерв системасы менен тийишпеген) звенолорун түзөт. Айыл чарба тамак сиңирүү органдардын кыймыл-аракетин камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.