Афелии (гр. аph - алыскы, helios- Күн) - планеталардын, кометалардын ж. б. асман телолорунун эллипстик орбиталарындагы Күндөн эң алыскы жана пөригелийге карама-каршы жаткан чекити.

Жер өзүнүн бир жылдык кыймылында Афелииден июль айынын башында өтөт. Ал учурда Күндөн алыстыгы болжол менен 152 млн. км ге барабар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.