Афелий (грекче apo - андан, ошондон жана hebios Күн) — Күн тегерегинде асман нерселеринин (планеталар, кометалар, кичине планеталар жана башкалар) эллипстик орбита боюнча айлангандагы өтө алыскы чекит. Афелийде Жерден Күнгө чейинки аралык 152 млн км.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1