Аффинаж (французча affinage - тазалоо) - түрдүү кошундулардан арылтып, өтө таза асыл металл алуунун бир түрү. Аффинаж ыкмасы электролиздик, нымдуу жана кургак болуп бөлүнөт. Электролиздик жол менен алынуучу металл катодго чогултулат да, кошундулар калдык турүндө бөлүнүп чыгат. Ушундай жол менен алынган алтындын пробасы 999,9дан төмөн болбойт. Нымдуу аффинаж ыкмасы платина, палладий, иридий, радий сыяктуу сейрек учуроочу асыл металлдарды алууда пайдаланылат. Мында кенташтагы металлдар азот, туз кислоталарынын эритмесинде эритилип, ар түрдүү реагенттердин (хлордуу аммоний, аммиак, кант) жардамы менен эритмеден бөлүнүп алынат. Кургак аффинаж ыкмасын колдонгондо жогорку температурада эритилген кенташтагы металлдар хлор аркылуу өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1