Ахаггар массиви, Xоггар - Борбордук Сахарадагы тайпак тоо, Алжирде. Чокулары тайпак, тектирлүү кырка тоолор (орточо бийиктиги 800 м) базальттуу платолор (орточо бийиктиги 2000 м) менен аяктайт. Мында айрым жанар тоо конустары бар. Бийиктиги 3003 мге (Тахат чокусу) чейин. Платина, алмаз, уран жана башка кендери бар. Негизинен тоолуу чөл ландшафты басымдуу. Көчмөн мал чарбасы жана оазис дыйканчылыгы мүнөздүү.

Xоггар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1