Башбаракты ачуу

Ахемениддер - Байыркы Персия державасынын падышалар династиясы (биздин заманга чейинки 558-330). Династиянын түпкү теги биздин заманга чейинки 8-кылымдагы перс уруулар союзунун башчысы Ахеменден башталат. Ахемендин тукуму Улуу Кир II (558-530) Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштын өлкөлөрүнүн көбүн бириктирген зор империяга негиз салган. Кийинчерээк Мидияны, Азиянын көп бөлүгүн (545539), Вавилонияны (539), Египетти (525), Фракияны, Македонияны жана Индиянын түндүк-батыш бөлүгүн (519-512) жеңип алат. Кир Пден кийин державаны Камбис II (530-522), Дарий I (522-486), Ксеркс I (486-465), Артаксеркс I (465424), Ксеркс II (424), Согдиан (424-423), Дарий II (423-404), Артаксеркс II (404-358), Артаксерко III (358-338), Арсес (338-336), Дарий III (336330) башкарган. Дарий Iнин тушунда (биздин заманга чейинки 552-486) Персия дүйнөдөгү ири күч-кубаттуу мамлекетке айланып, Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү анын курамына кирген. Персеполь, Вавилон, Сузы жана Экбатана мамлекеттин борбору болуп турган. А-дин аскердик күчү начарлаган сайын Ахемениддер державасы кыйрай баштайт. Биздин заманга чейинки 330-жылы Александр Македонскийдин соккусу астында Ахемениддер мамлекети жоюлган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1